Ысык-Көлдүн түбүнөн тарыхый табылгалар табылды 
29 июль

Ысык-Көлдүн түбүнөн тарыхый табылгалар табылды 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары өткөн аптада көл түбүнөн торлорду тазалоо учурунда чопо идиштерди жана карапалардын сыныктарын табышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы өткөн аптада кезектеги тазалоо иштерине чыгышкан.

Аталган кызматтын башчысы Сабыржан Аламановдун айтымында, торлорду тазалоо учурунда идиштер жана карапалардын сыныктары көлдүн 15-20 метр тереңинен табылган.

Ысык-Көл облусунда өткөн расмий иш-чаранын алкагында Суучулдар борборунун ишмердүүлүгүнөн кабар алган ӨК министри Бообек Ажикеев нечен кылым мурунку табылгаларды тарыхый музейлерге өткөрүп берүүнү тапшырды.