Мыйзам долбоору: Кожомкулова визаны кыргыз тилин билгендерге гана берүү боюнча норманы сынга алды
24 июнь

Мыйзам долбоору: Кожомкулова визаны кыргыз тилин билгендерге гана берүү боюнча норманы сынга алды

Депутат Гуля Кожомкулова Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин кароосуна коюлган мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун чийки деп сыпаттады. 

Айтымында, анын айрым нормалары Конституцияга каршы келет, ошондуктан кайра иштеп чыгууга муктаж. 

«Мисалы, мыйзам долбоорунун пакеттеринин бири миграция, жарандык жана виза алуу маселелерине таандык. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок тараптар жашап турууга уруксат алууга укуктуу. Бул Конституцияда каралган. А мыйзам долбоорунда алардан кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүү талап кылынып жатат. Мындай нерсе бир да өлкөдө жок», – деди депутат.

Ошондой эле депутат, бир дагы өлкө визаны мамлекеттик тилди билгенине карап бербей турганын белгиледи.

«Баарыңар чет өлкөлөргө барып жүрөсүңөр, Шенген, АКШ ж.б. визасын аласыңар, кайсы бир элчилик тилди билишиңер шарт дегени эсимде жок. Американын элчилиги бизден бир гана англис тилинде сүйлөөнү талап кылганы эсимде жок. Ал жакта орус, кыргыз, англис тилдеринде аңгемелешүүдөн өтүүгө болот», – деди Кожомкулова.

Депутат жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына кайрылды. Ал географиялык аталыштарга кайрылып, мыйзам долбоорунда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары объекттердеги жана жарнамалардагы географиялык аталыштарды көзөмөлгө алышы керектиги жазылганына токтолду.

«Ошондо айыл өкмөтү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын функциясын аткарбай калабы? Эмнеге комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү органга өткөрүп салды? Орфографияны адистер карашы керек, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары өздөрү да ката жазышат. Аларга ылайыксыз функцияны берүүнүн кереги жок», – деп суроо салды ал.

Депутат мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады.