“Манас” эпосу англис тилине которулууда
“Манас” эпосу англис тилине которулууда. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн аталган академиянын президенти Азиз Биймырза уулу жана Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосун англис тилине которуу үстүндө иш алып барган котормочулар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эпостун мааниси, тилдик өзгөчөлүктөрү жана эл аралык аудиторияга жеткиликтүү формада сунуштоо маселелери талкууланды.
Жетекчилер котормочуларга ийгилик каалап, бул демилге кыргыз руханий мурасын дүйнөгө жайылтууда чоң кадам болорун белгилешти.
