Дүйнөлүк чыгармаларды кыргыз тилине чеберчилик менен которгон. Шаршеналы Абдылдаевге жазылган некролог
Кыргыз улуттук адабияты оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 22-июнунда 88 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн өттү.
Шаршеналы Абдылдаев 1937-жылы 12-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген.
1956–1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө билим алып, аны аяктагандан кийин чыгармачылык жана кесиптик жолун Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде редакторлуктан баштаган. Андан соң “Кыргызстан” басмасында, СССР Мамлекеттик басма комитетинин Кыргыз бөлүмүндө, “Ала-Тоо” адабий журналынын редакциясында, Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы адабият фондунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин редакциялык-басма бөлүмүндө узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенген.
Шаршеналы Абдылдаевдин чыгармачылык дүйнөсү кеңири жана көп кырдуу болгон, анын калемине таандык повесттер, очерктер жана котормолор кыргыз адабиятын жаңы темалар менен байытып, улуттук адабиятты дүйнөлүк көркөм дөөлөттөр менен жакындаткан.
Ал дүйнөлүк классиктер – Уильям Шекспир, Федерико Гарсиа Лорка, ошондой эле Георгий Марков, А. Упит жана башка көрүнүктүү жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине чеберчилик менен которгон. Анын “Бийиктеги жылдыздар” повести, “Кыялкеч”, “Сибирь”, “Ата-бала”, “Семеновкалык кыз”, “Болочок кылымга” сыяктуу котормолору жана оригиналдуу чыгармалары кыргыз окурманынын сүймөнчүк адабиятына айланган.
Шаршеналы Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Журналисттер жана Кинематографисттер союздарынын мүчөсү болгон.
Жазуучунун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, “СССРдин басма тармагындагы отличниги”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамдары жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Ошондой эле ал кыргыз жана якут адабиятынын алакасын бекемдөөдө кошкон салымы үчүн Саха (Якутия) Республикасынын Ойунский атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.А. Касымалиев, М.М. Иманкулов, Э.Ж. Байсалов, М.М. Мамбеталиев, А.Дж. Джунушалиев, К.С. Джумагазиев, С.Н. Надырбеков, Т.М. Ажымалиев, Г.К. Абдыкалыкова, М.Т. Тагаев, К.К. Иманалиев, Т.С. Самудинов, Ө.Д. Даникеев, М.М. Мамазаирова, Т.М. Мамеев, А.Ө. Өмүрканов, Н.А. Алымбеков, К.Б. Бакиров, И.А. Балташев, Т.А. Кулмендеев, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, Т.А. Чокиев, Ж.Д. Джунушев ж.б.
