Чолпон-Атада масштабдуу реконструкциядан кийин «Чолпон» кинотеатры кайрадан ачылды
Чолпон-Ата шаарында масштабдуу реконструкциядан кийин «Чолпон» кинотеатры кайрадан ачылды. Ал «Атлант Синема» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында жаңыланууга тийиш болгон алты объекттин төртүнчүсү болду.
Кинотеатр 1982-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 2022-жылга карата имарат авариялык абалга келип, жылытуу системасы жарактан чыгып, чатырынан суу өтүп турган.
Реконструкция Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун аймактардагы кинотеатрлар тармагын жаңылоо программасынын алкагындагы каржылоосу менен жүргүзүлдү.
Имарат иш жүзүндө кайрадан курулуп, көрүүчүлөр үчүн орундардын саны 200дөн 310го чейин көбөйтүлдү. Кинотеатрда заманбап беш кинозал ачылып, профессионалдык 4K жабдуулары орнотулду.
Ошондой эле жаңы жылытуу системасы ишке киргизилип, кинотеатрдын жыл бою иштөөсүнө шарт түзүлдү.
«Чолпон» жаңыланган төртүнчү аймактык кинотеатр болуп калды. Буга чейин Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы жаңыланган кинотеатрлар ачылган.
Жалпысынан программанын алкагында алты кинотеатрды реконструкциялоо пландалууда.
