Ошто “Бий искусствосу – 2026” IV Эл аралык фестивалынын ачылышы болду
18 июнь

Ошто “Бий искусствосу – 2026” IV Эл аралык фестивалынын ачылышы болду

Ош шаарында “Бий искусствосу – 2026” IV Эл аралык фестивалынын ачылышы болду, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы. 

Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай, Румыниядан келген жана жергиликтүү бий жамааттарынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, хореографтар жана искусство чеберлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышты. Ал өз куттуктоосун жолдоп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

“Бий искусствосу – 2026” фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн бий өнөрүн бир аянтчага бириктирип, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана улуттук маданий мурастарды жайылтууга багытталган. Анын алкагында катышуучулар концерттик программаларды тартуулашат.