
Баткенде инвестициялык форумдун алкагында көргөзмө-жарманке өттү
Баткен шаарында “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” II эл аралык инвестициялык форумунун алкагында көргөзмө-жарманке өттү.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жарманкени президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, бул иш-чара алардын ишин илгерилетүүгө өбөлгө болушуна тилектештигин билдирди.
Көргөзмө жарманкенин салтанаттуу бөлүгүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, бүгүнкү жарманке бардык кызыккан тараптар үчүн кызматташуу аянтчасы болуусун каалады.
Жарманкеде облустун район шаарлары аймакта өндүрүлгөн айыл чарба, өнөр жай,женил өнөр жай продукцияларын жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.Ал эми жергиликтүү ишкерлер өндүргөн продукцияларын алып чыгышты.
Иш-чарага өлкө аймагынан да потенциалдуу ири ишканалар катышып,кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн билдиришти.
Жалпысынан 50дөй ишкана катышкан жарманкенин максаты аймактын өнүгүү потенциалын көрсөтүү.Кызыкдар тараптарга кызматташуу мүмкүнчүлүгү түзүү.
Иш-чаранын алкагында Баткен күрүчүнөн аш демделип, коноктор даам татышты.