
Министр Алтынбек Максутов «ЭлТРдин» Бишкектеги кеңсесинен кабар алды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, имараттын абалын көрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кеңседе 124 кызматкер эмгектенип, 24 саат телекөрүүчүлөрдү, радиоугармандары жаңылыктар менен камсыздап, обого чыгып жаткан кызыктуу жана пайдалуу контент даярдашат.
Министр чыгармачыл жамаат менен маектешип, жакынкы арада компаниянын техникалык жана автоунаа базасы жаңыланып, медиа продукттун мыкты сапатта даярдалышына негиз болот деди.