Кыргыз эл жазуучусунун “Чын курандын жетиси” аттуу жаңы романы жарык көрдү
6 октябрь

Кыргыз эл жазуучусунун “Чын курандын жетиси” аттуу жаңы романы жарык көрдү

Кыргыз эл жазуучусу Абибилла Пазыловдун “Чын курандын жетиси” аттуу жаңы романы өз алдынча китеп болуп Бишкектеги “Улуу тоолор” басма-полиграфия комплексинде жарык көрдү.

Анда жогорку бийликти кан төгүү менен алмаштыруу үчүн өлкөдө жасалган түрдүү төңкөрүштөрдү, баш аламандык менен башаламандыкты четке каккан замандаштын тагдыры чагылдырылган.

Китеп 1000 нускадан жана 216 беттен турат.

Маалымат үчүн: Абибилла Пазылов, жазуучу, драматург, котормочу, 20га жакын китептин автору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты.