Бишкекте Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум өтүүдө
9 апрель

Бишкекте Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум өтүүдө

Ушул жылдын 9–10-апрель күндөрү көрүнүктүү түрколог, акын, жазуучу жана адабий сынчы, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына карата «Салижан Жигитов жана адабият» аттуу эл аралык симпозиум өтүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уюштурулууда. 

Эл аралык симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана “Өзгөн коому” менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Симпозиумга Түркиядан жана башка чет мамлекеттерден келген окумуштуулар, адабиятчылар жана коомдук ишмерлер катышууда. Иш-чарага Салижан Жигитовдун неберелери да катышып, улуу инсандын мурасын улап келе жатат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Медетбек Букуев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев катышты. Иш-чаранын алкагында Эдиль Байсалов жана Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп, Салижан Жигитовдун кыргыз адабиятындагы орду жана илимий мурасы тууралуу белгилешти.

Симпозиумдун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректору Алмаз Ибраев, Гуманитардык факультетинин деканы Алпаслан Ашык жана Түркология бөлүмүнүн башчысы Халит Ашлар чыгып сүйлөп, Жигитовдун түрк дүйнөсүндөгү ордуна жана адабияттагы салымына токтолушту.

Симпозиумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен тартылган Салижан Жигитов тууралуу документалдык фильм көрсөтүлдү. Салижан Жигитовдун 6 томдук чыгармалар жыйнагын Нуралы Капаров жарыкка чыгарды.

Иш-чаранын жүрүшүндө илимий докладдар окулуп, адабий мурас, сынчылык жана улуттук маданияттагы орду кеңири талкууланууда.

Симпозиум 10-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уланат.