Бишкекте “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары өттү
Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 11-мартта Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Акыркы кат” спектаклинин бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Спектакль Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов жана анын жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдык мааракесине арналган.
Спектаклге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын кызы Роза Айтматова күбө болушту.
Аталган чыгармада Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн тартып элибиздин келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын, алардын бири көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эрдиги, элибиздин 20-кылымдын 20-30-жылдардагы башынан кечирген тагдыры чагылдырылган.
Автор калыптануу жылдардын катаал таразасында энелердин тагдыры калчанган, бирок алардын сынбаган, майтарылбаган эрдигин Нагима Айтматованын баскан жолу аркылуу кайрылган.
Төрөкул Айтматовдун ролун Жеңишбек Сманов, Өмүрбек Израилов аткарган.
Нагима Айтматованын улгайган кезин КРнын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметова, КРнын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева аткарган.
Ал эми Нагима Айтматованын жаш кезиндеги ролун Гүлнара Сатарова, Жаңылай Исаковалар жараткан.
Режиссёр-коюучу Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.
Сүрөтчү-коюучу –Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Садыр Ниязакунов.
Композитору КРнын эл артисти Асылбек Өзүбеков ж.б.
