Беларустун ТИМ башчысы Улуттук тарых музейиндеги экспозициялар менен тааныштырды
Маданият министрлиги
22 июль

Беларустун ТИМ башчысы Улуттук тарых музейиндеги экспозициялар менен тааныштырды

Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында 22-июлда Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженков расмий делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды.

Ардактуу конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин бай тарыхын, маданий мурасын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган туруктуу экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация археологиялык табылгалар, этнографиялык баалуу коллекциялар, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган экспозициялар менен таанышты. Ошондой эле өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуялар, көрүнүктүү инсандар жана улуттук маданий мурастар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Улуттук тарых музейине болгон бул сапар Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын маданий программасынын маанилүү бөлүгү болуп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.