Бишкекте коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрүнө арналган көргөзмө ачылат
КР Маданият министрлиги
5 март

Бишкекте коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрүнө арналган көргөзмө ачылат

Бишкектеги М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде «Уркуя Салиева – кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу» аттуу көргөзмөнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлайт. 

Көргөзмө 6-мартта саат 11:00дө ачылат. Ал көрүнүктүү коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрү жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналат.

Экспозицияда архивдик сүрөттөр, документтер жана Отко таазим көркөм тасмасы аркылуу анын тарыхтагы орду жана коомдогу тең укуктуулук үчүн күрөшү чагылдырылат.

Иш-чара тарыхый эс-тутумду сактоого жана кыргыз коомунун өнүгүшүндө аялдардын ролун даңазалоого багытталган.

Кирүү акысыз.