VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2,5 миңден ашуун журналист жана блогер чагылдырды
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 сентябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2,5 миңден ашуун журналист жана блогер чагылдырды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2,3 миңге жакын журналист чагылдырды.

Оюндарды чагылдыруу үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын 2 миңге жакын өкүлү аккредитациядан өттү. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди.

Оюндарды чагылдырган эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, I.R.I.B NEWS, The New York Times, CNN International, National Geographic, Associated Press жана The Economist сыяктуу белгилүү басылмалар жана телеканалдар бар.

Мындан тышкары, ачылыш аземине 300гө жакын блогер келди.

Ал эми жабылыш аземине 180ден ашуун блогердин катышуусу күтүлүүдө.

Ошентип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар санариптик платформалар аркылуу да кеңири чагылдырылды.