Сүрөт: antena3.com
6 сентябрь
Шакира «Бишкек Аренада» ырдайт
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира «Бишкек Аренада» концерт берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Ырчынын концертинин так качан өтөрү азырынча айтылган жок.
Буга чейин Каныбек Туманбаев «Бишкек Арена» расмий түрдө 5-октябрда ачылары күтүлүп жатканын билдирген. Бул күнү көрүүчүлөр үчүн чоң акысыз шоу-программа даярдалат.
Анын айтымында, бул VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калган кыргызстандыктар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болмокчу.
Туманбаев белгилегендей, учурда аренаны ачууга даярдык кызуу жүрүп жатат.
Ошол эле учурда Шакиранын концерти 5-октябрда өтөбү же башка күнгө белгиленеби, азырынча расмий такталган жок.
