Эр-Рияддагы айыл чарба көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды
23 октябрь

Эр-Рияддагы айыл чарба көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды

Эр-Рияд шаарындагы эл аралык көргөзмө борборунда өткөн 41-эл аралык айыл чарба көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов көргөзмөнүн ачылышына катышып, Кыргызстандын павильонуна барып, аны менен таанышты, анда биринчи жолу чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктар көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы тарабынан Кыргызстандын айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү кеңири чагылдырылып, иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна өлкө жана анын айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилүүдө. Сунушталган ата мекендик бренддер чет элдик араб айыл чарба компанияларынын чоң кызыгуусун жаратууда. Азыркы учурда айыл чарба компанияларынын ортосунда өз ара кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан 9 компания катышууда: "Алайку Органикс" ЖЧК, "Гимнилли" ЖЧК, "Дары Тяньшань" ЖЧК, "Данабад" ЖЧК, "Бал Кинг" ЖЧК, "Эксимторг" ЖЧК, "Табалды у Нурсултан" ЖЧК, "Эко Бал" ЖЧК жана "Дары Ыссык-Куля" ЖЧК.

Бул иш-чарага катышууга даярдык иштери "Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз Экспорт" экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулду.

Маалымдама: 41-Эл аралык айыл чарба көргөзмөсү региондогу эң масштабдуу айыл чарба иш-чаралардын бири болуп саналат. Ага чет өлкөлөрдөн келген 28 өлкөнүн жана Сауд Арабиядан 370 айыл чарба компаниясынын өкүлдөрү активдүү катышууда. Жыл сайын өтүүчү көргөзмө дүйнө жүзү боюнча айыл чарба секторунан 20 000ге жакын адистерди жана кызыкдар тараптарды тартат деп күтүлүүдө.