Таласта улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмө өттү
28 октябрь

Таласта улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмө өттү

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган көргөзмө уюштурулду.

“Кылым менен жарышкан ата-баба мурасы” аттуу иш-чаранын алкагында “Кыргыз жүзү” аттуу фото көргөзмө көрүүчүлөргө сунушталды. Мектептин алдында боз үй тигилип, анын ичи шырдак, ала кийиздер жана улуттук буюмдар менен нукура кыргызча жасалгаланган.

Мындан тышкары, мектептин ичинде кыргыз айымдарынын улуттук кийимдеринин фото-көргөзмөсү коюлуп, кыргыз элинин өзгөчө кол өнөрчүлүгү жана эстетикалык табити чагылдырылды.

Иш-чаранын негизги максаты – элдик каада-салтты сактоо, улуттук наркты баалоо жана муундан муунга өткөрүү болуп саналат.

Аталган иш чара 10 күнгө созулмакчы.