Кыргызстан менен Монтана маданият тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков менен адъютант-генерал, бригадалык генерал Т. Гибсон баштаган Америка Кошмо Штаттарынын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 16-сентябрында Улуттук тарых музейинде өткөн.
Жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында уюштурулуп, анда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Атап айтканда, жаштар саясаты, билим берүү, спорт, маданият, искусство жана кинематография тармактарындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Монтана штатынын өкүлдөрү жаштардын өнүгүүсүн колдоого багытталган демилгелер жана билим берүү программалары тууралуу маалымат беришти. Тараптар жаштар менен иштөө, билим берүү жана тарбия берүү багыттарында тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, спорттук жана башка жаштар программаларын ишке ашырууда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Америка Кошмо Штаттарынын Монтана штатынын Маданият күндөрүн жана Кино күндөрүн өткөрүү, ошондой эле Монтана штатында Кыргыз Республикасынын маданиятына арналган жооп иретиндеги иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар мындай демилгелер чыгармачыл жамааттардын жана жаштардын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу максатында мындан аркы өз ара байланыштарды бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
