Алай районунун Калама жайлоосунда этно-шаарча түптөлдү
12 сентябрь

Алай районунун Калама жайлоосунда этно-шаарча түптөлдү

Алай районунун Калама жайлоосунда 11-сентябрда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар башталып, Калама жайлоосунда этно-шаарча түптөлдү.

Иш-чаранын алкагында 170тен ашуун боз үй тигилип, улуттук оюндардын тандоо турлары кызуу жүрүүдө.

Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев “Ордо”, “Тогуз коргоол”, алыш бел боо күрөшү жана “Салбуруун” оюндарын көрүп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Финалдык беттештер 12-сентябрда уланат.