Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече өттү
12 сентябрь

Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече өттү

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз киносунун залкар режиссеру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Т. Океевдин санаалаштары, жакындары, кыргыздын белгилүү кинематографисттери катышты.

Иш-чаранын алкагында «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланды.