Саламат Садыкова: Мамлекет башчысына ийилгеним бактыма ийилгеним
Ырчы Саламат Садыкова президент Садыр Жапаровдон сыйлык алып жатканда ийилип таазим эткенине байланыштуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.
Ырчы бул өмүр адамзатына кубанып, эркелеп, керек болсо учуру келгенде наздана жашоого жарык чачып, барыңа шүгүр айтуу үчүн берилгендигин айтты.
"Мен мамлекет башчысына ийилгеним бактыма, багыма, дөөлөттү, берекелүү ары кайраттуу артта калган сабырыма, элибиз менен бирге баштан кечирген санатыбызга молчулуктан даам сыздырган улуу Жаратканга ийилгеним", - деди ал.
Эске сала кетсек, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров өлкө алдындагы эмгеги жана ар кыл тармактардагы жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Садыковага «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы ыйгарылды.
Мамлекет башчысынын колунан сыйлык алып жаткан учурда артист таазим кылды. Бул учур видеого түшүп, социалдык тармактарда кызуу талкууга себеп болду.
