Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында жаңы музыкалык мектеп салынууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 4-июлда Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу айылындагы жаңы салынып жаткан музыкалык мектептин курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында К.Досмамбетов атындагы 120 орундуу музыкалык мектеп курулууда.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 40 пайызы бүткөрүлдү.
