Министр Мирбек Мамбеталиев “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылышына катышты
27 июль

Министр Мирбек Мамбеталиев “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылышына катышты

2025-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “MURAS” этно жаштар лагеринин ачылыш аземине катышты.

Бул маданий-агартуу долбоору жаштардын улуттук аң-сезимин күчөтүүгө, кыргыз элинин тилин, тарыхын, салт-санаасын жана бай маданий мурасын терең таанууга өбөлгө түзөт.

Министр М.К. Мамбеталиев өз сөзүндө:

«Кыргыз элинин руханий дөөлөтүн сактоо жана даңазалоо – бул ар бир жарандын парзы. Анткени маданиятты сактоо – бул элдин тарыхын, уңгусун сактоо менен барабар», – деп белгиледи.

Анын айтымында, “MURAS” лагери – бул жөн гана эс алуу эмес, мекенге болгон сүйүүнү, чыгармачылыкты жана лидерлик жөндөмдөрдү ойготкон аянтча болуп саналат.

Министр иш-чараны уюштургандарга жана колдогон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, долбоор ар бир катышуучунун жүрөгүндө мекенге болгон сыймыкты жана жоопкерчиликти ойготот деген ишенимин билдирди.