«Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
5 сентябрь

«Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды.

Жабылуу аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, жеңүүчүлөрдү сыйлыктары менен куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдоолот Деркембаевге ыйгарылды.

Калыстар тобунун чечими менен I орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, II орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи.

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды.

«Көчмөндөр жаңырыгы» дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык салттарын бир сахнага бириктирип, улуттук мурастарды кеңири таанытууга, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана элдердин чыгармачылык байланышын бекемдөөгө өбөлгө түздү.