Кыргызстандык "Курак" тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат
Маркум режиссёр Эмил Атагелдиев жана кинопродюсер, режиссер Эрке Жумакматованын "Курак" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусан эл аралык кинофестивалында болот. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Тасма "Азиялык көз караш" (Asian Vision) категориясында "эң мыкты азиялык тасма" сыйлыгы үчүн ат салышат.
"Курак" тасмасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 2025-жылдын 17-26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.
