Эң көп акы төлөнүүчү актёрлордун ысымы аталды
16 март

Эң көп акы төлөнүүчү актёрлордун ысымы аталды

Forbes журналы эң көп гонорар алган актерлордун жылдык рейтингин жарыялады. Изилдөө үчүн маалыматтар тасмалардын кассалык кирешелерин көзөмөлдөгөн Box Office Mojo сайтынан, IMDb базасынан жана кино индустриясынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн маектерден алынган. Көрсөтүлгөн суммалар актерлордун агенттерине, менеджерлерине жана юристтерине төлөнүүчү комиссиялар алынгандан кийинки кирешени камтыйт.

Биринчи орунду Adam Sandler ээледи. 59 жаштагы актер 2025-жылы 48 миллион доллар тапкан. Ал Happy Gilmore 2 тасмасында продюсер болуп, башкы ролду аткарган. Ошондой эле Сэндлер Jay Kelly тасмасында George Clooney менен бирге тартылган. Бул роль үчүн ал Golden Globe Awards сыйлыгынын «Экинчи пландагы эң мыкты актер» номинациясына көрсөтүлгөн.

Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын лидери Dwayne Johnson 2024-жылы 88 миллион доллар тапкан. Бул Сэндлердин кирешесинен дээрлик эки эсе көп. Forbes маалыматына ылайык, Голливуддагы эң көп киреше тапкан 20 актердун жалпы кирешеси 590 миллион долларды түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20%га аз.

Экинчи орунда Tom Cruise турат. 63 жаштагы актер 46 миллион доллар тапкан. Ал Mission: Impossible – The Final Reckoning аттуу боевиктин сегизинчи бөлүгүндө роль жараткан.

Үчүнчү орунда Mark Wahlberg — 44 миллион доллар. Андан кийинкилер:

  • Scarlett Johansson — 43 миллион доллар
  • Brad Pitt — 41 миллион доллар

Алдыңкы ондукка ошондой эле төмөнкү актерлор кирген:

  • Denzel Washington — 38 миллион доллар
  • Jack Black — 28 миллион доллар
  • Jason Momoa — 28 миллион доллар
  • Daniel Craig — 27 миллион доллар
  • Millie Bobby Brown — 26 миллион доллар.