Кыргызстанда алгачкы жолу дарыгерлерге арналган сериал тартылууда: премьерасы ушул күздө
Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин жашоосу жана кесиптик тагдырына арналган алгачкы сериал тартылып баштады.
«Дарыгер» аттуу тасманын премьерасы күзүндө КТРК каналында көрсөтүлөт.
Долбоордун режиссеру Ырыс Окенова белгилегендей, бул Кыргызстанда дарыгерлер жөнүндө тартылган алгачкы мелодрама жанрындагы сериал болот. Анда алардын эмгегин даңазалаган, оор жоопкерчилигин, кесиби үчүн курмандыкка барууларын, жеке жашоосун, тагдырын, кабылган ар кандай кырдаалдар чагылдырылат.
Сериалдын идеясы Окенованын өзүнө таандык. Ал эми сценарийин Дөөлөт Сыдыков, Гүлзат Алиева менен чогуу жазган. Сериал 10 сериядан турат. Тартуу иштерине 25тей актер катышууда. Ошондой эле Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын жана С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актерлору эпизоддук ролдорго тартылышууда.
Жалал-Абад облусундагы тартуу иштери аяктады. Эми Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бир аз тартуу иштери бар.
