Манас шаарында жаштардын өнүгүүсүнө багытталган “Демилге” борбору ачылды 
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
4 июнь

Манас шаарында жаштардын өнүгүүсүнө багытталган “Демилге” борбору ачылды 

Манас шаарында бүгүн, 4-июнда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган “Демилге” жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Борбор мамлекеттик жаштар саясатынын алкагында жаштардын демилгелерин колдоого, алардын потенциалын өнүктүрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.

“Демилге” жаштар борбору Манас шаарынын мэриясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу аркылуу түзүлгөн.

Долбоор Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген жаштарды өнүктүрүү, аларды жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды чыңдоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга багытталган.