Маданият министрлигинен Сулайман-Тоо кантип оңдолоорун айтып беришти
Ош шаарындагы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо комплексин реконструкциялоо маданий мурастарды сактоо багытындагы негизги долбоорлордун бири болот.
Долбоордун алкагында тоонун ичиндеги музейдик инфраструктура жаңыланып, жөө жүрүүчүлөр үчүн маршруттар калыбына келтирилет. Ошондой эле жарыктандыруу жана желдетүү системалары модернизацияланып, объекттин айланасындагы туристтик инфраструктура өнүктүрүлөт.
Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү, заманбап экологиялык материалдарды колдонуу жана келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда. Курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүндө комплекстин айрым аймактарына кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирген. Анын айтымында, долбоор ЮНЕСКО баш болгон эл аралык уюмдар менен макулдашылган.
