Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына расмий түрдө кирди
7 ноябрь

Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына расмий түрдө кирди

Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына расмий түрдө кирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын талапкерлигин 194 өлкөнүн ичинен 163 өлкө колдоду — бул дүйнөлүк коомчулуктун чоң ишеними жана жогору баалоосу.

ЮНЕСКОнун 43-сессиясы Парижден тышкары алгачкы жолу Самарканд шаарында өтүүдө.