VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосунда этношаарча курулууда
12 август

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосунда этношаарча курулууда

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата этношаарчанын масштабдуу курулуш иштери уланууда. Аянтта 500 боз үй тигүү пландалууда.Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев объектти тааныштыруу учурунда билдирди.

Этношаарча 15 өзүнчө боз үй комплексинен турат. Бул жерде Кыргызстандын жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле коомдук уюмдар өздөрүнүн аянтчаларын жайгаштырышат.

Долбоорду каржылоонун жалпы көлөмү 250 млн сомду түзөт. Анын 200 млн сому мамлекет тарабынан бөлүнсө, дагы 50 млн сом Маданият министрлигинин бюджетинен каралган.

Мамбеталиевдин айтымында, аянтчаны даярдоодо буга чейинки иш-чараларды өткөрүүдө аныкталган кемчиликтер эске алынган. Айрыкча инженердик инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулган.

Кырчын жайлоосунда канализация жана тазалоочу курулмалар курулуп, 120 санитардык объект орнотулууда.

Мындан тышкары, жайлоонун аймагында рекультивация иштери жүргүзүлүп, бийик тоолуу шарттарга ылайыкташкан атайын газон чөбү себилүүдө.

Локациянын башкы режиссер-коюучусу Болот Тентимышов билдиргендей, Кырчындагы негизги маданий иш-чаралар 2-сентябрда башталат.

Программада «Кут Ордо», айтыш, сармерден, боз үйлөрдүн кароосу жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Аянтча күнүнө 100 миңге чейин конок кабыл алууга ылайыкталган.