Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөлөргө катышуусу талкууланды
Маданият министрлиги
4 сентябрь

Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөлөргө катышуусу талкууланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин (World Crafts Council AISBL) президенти Саад Аль-Каддуми баштаган эл аралык делегация менен жолугушту.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 4-сентябрда өткөн.

Жолугушууга Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин Түндүк Америка аймагынын директору Кэрол Лопес (АКШ), Кеңештин Малайзиядагы улуттук мүчө уюмунун өкүлү Ник Фаиз Ник Амин (Малайзия), Казакстандагы улуттук мүчө уюмунун өкүлү Салтанат Амин кызы Жапарова (Казакстан) жана Кеңештин мүчөсү Харита Капур (Жаңы Зеландия) катышты.

Жолугушууда тараптар салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, кол өнөрчүлөрдү колдоо, улуттук кол өнөрчүлүктү эл аралык деңгээлде жайылтуу, ошондой эле бул багытта тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө, аны маданий мурастын маанилүү бөлүгү катары сактоого жана кол өнөрчүлүктүн чыгармачыл экономиканын өнүгүүсүндөгү потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Тараптар эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөлөргө жана иш-чараларга катышуусун колдоо, ошондой эле Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши (WCC AISBL) 1964-жылы түзүлгөн. Кеңеш салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, кол өнөрчүлөрдү колдоо, ошондой эле алардын маданий жана экономикалык ролун жогорулатуу багытында иш алып барган эл аралык уюм болуп саналат.