Ош шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди
Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара белгиленди.
Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, туу көтөрүү аземи болду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы желбиреген кызыл туубуз – эркиндиктин символу, ата-бабаларыбыздын аманаты экендигин белгилеп, анын бийик желбиреп туруусу үчүн экономикабыз кубаттуу, мамлекетибиз күчтүү болушу керектигин айтып, жалпы журтту биримдикке, ынтымакка жана мекенчилдикке үндөдү.
Белгилей кетсек, 2025-жылы борбордук аянттагы 45 метрлик желек сап алынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулуп, шаар күнүнө карата тууну көтөрүү аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров катышкан.
