президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
3 март
Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди
Бүгүн эрте менен Баткен шаарында 3-март Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө арналган иш чара өттү.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар шаардын борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш жасашты.
Салтанаттын расмий бөлүгүндө КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жалпы облус калкын куттуктады.
Майрамдык иш-чара жергиликтүү таланттардын ыр бийлери менен коштолду.
