ШКУ өлкөлөрүнүн төртүнчү эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды
20 июль

ШКУ өлкөлөрүнүн төртүнчү эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды

2026-жылдын 19-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Эл аралык кинофестивалынын расмий жабылуу аземи болуп өттү.

16–19-июль күндөрү өткөн кинофестиваль ШКУга мүчө мамлекеттерден келген кинематографисттерди, режиссёрлорду, актёрлорду, сценаристтерди жана продюсерлерди бир аянтчага бириктирди. Фестивалдын алкагында сынактык кино көрсөтүүлөр, чыгармачылык жолугушуулар, тегерек столдор жана кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган талкуулар уюштурулду.

Жабылуу аземинде фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, негизги номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Ал эми башкы сыйлык – Гран-при «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарткан «Кара кызыл сары» (Black, Red, Yellow) көркөм тасмасына ыйгарылды.

Аземде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, фестивалга катышкан өлкөлөргө, эл аралык калыстар тобуна жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал кино маданияттардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоодогу маанилүү күч экенин белгилеп, фестиваль ШКУ өлкөлөрүнүн кино тармагындагы кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтты.

Кыргызстанда өткөрүлгөн Эл аралык кинофестиваль чыгармачыл байланыштарды бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн кинематография жаатындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түздү.