Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин 5 ыкты долбоору аныкталды
26 июль

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин 5 ыкты долбоору аныкталды

Бүгүн, 2025-жылдын 25-июлунда Кыргыз улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 4-отуруму болуп өттү.

Сынакка 2025-жылдын 16-июнунан 17-июлуна чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, атайын шифрлер менен белгиленип комиссиянын кароосуна коюлду.

Комиссия жобого ылайык сынактын 1-этабынын критерийлеринин негизинде эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоорун тандап алды.

Тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат.

Сынактын 2-этабына композиторлор, музыканттар, ырчылар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар, ошондой эле башка уюмдар — 5 адамдан ашпаган курамда) сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге жазылган музыкалык чыгармалары менен катыша алышат.

Өтүнмөлөрдүн кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү зарыл:

    
            <!-- /content -->
</div>

<div class=