Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү «Рух-Ордодо» майрамдык концерт тартуулайт
ДКОнун медиа-штабы
4 сентябрь

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү «Рух-Ордодо» майрамдык концерт тартуулайт

Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий-этнографиялык борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында майрамдык концерт өтөт. Иш-чара 4-сентябрда саат 18:00дө башталат.

Көрүүчүлөргө Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамааты өнөр тартуулайт.

Концерттин программасында кыргыз элинин байыркы элдик жана фольклордук ырлары, заманбап кыргыз композиторлорунун чыгармалары, эстрадалык жана аскердик-патриоттук ырлар аткарылат.

Мындан тышкары, көрүүчүлөргө улуттук бийлер тартууланат.