Кыргызстан менен Япониянын маданий кызматташтыгы кеңейүүдө
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 18-августта Япониянын Майдзуру шаарынын мэри Камода Акицу менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Япониянын маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.
Мирбек Мамбеталиев үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Япониянын Осака шаарында өткөн «ЭКСПО 2025» Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи. Бул иш-чаранын алкагында кыргыз артисттери классикалык, элдик жана эстрадалык музыка жанрларында бай мазмундуу концерттик программаны тартуулашты. Министр иш-чараны уюштуруудагы колдоосу үчүн япон тарапка ыраазылык билдирип, бул окуя Кыргызстан менен Япониянын маданий имиджин чыңдоодо маанилүү кадам болгонун баса белгиледи.
Өз кезегинде Майдзуру шаарынын мэри Камода Акицу кыргыз тарапка жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, маданий байланышты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
