Кыргызстан менен Россия маданият тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт
21 октябрь

Кыргызстан менен Россия маданият тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстандын аданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Россиянын маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россия Федерациясында Кыргызстан Маданият күндөрүнүн жогорку деңгээлде өтүп жатканын баса белгилеп, келечектеги маданият тармагындагы кызматашууну талкуу кылышты.