Кыргызстанда 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт
Кыргызстанда 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык «Жаш таңдай – 2026» айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Айтыш эки баскычта өткөрүлөт. Алгачкы тандоо туру 2026-жылдын 18-июнунда саат 14:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Тандоодон ийгиликтүү өткөн жаш акындар финалдык баскычта күч сынашат.
Республикалык айтыштын финалы 2026-жылдын 5-июлунда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты – жаш төкмө акындардын чыгармачылык дараметин колдоо, айтыш өнөрүнүн салттарын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды жаш муунга жайылтуу жана таланттуу жаштарды аныктап, алардын өнөрүн кеңири коомчулукка таанытуу болуп саналат.
«Жаш таңдай – 2026» айтышы – улуттук төкмөлүк өнөрдүн келечегин улап келе жаткан жаш таланттарды колдоого, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоого багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири.
