Кыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдешет
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Лю Сушэнин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара ишенимге, ынак коңшулукка жана салттуу достукка негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилешти. Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык эки өлкөнүн өз ара алакасын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири экендиги баса көрсөтүлдү.
Министр Мирбек Мамбеталиев Кытай тарапка эки өлкөнүн маданий байланыштарын ырааттуу өнүктүрүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, көргөзмөлөрдү, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун, фестивалдарды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү элдер ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.
Тараптар маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу жаатындагы кызматташтыкты жогору баалап, эки өлкөнүн музейлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу, музей экспозициялары жана кесиптик тажрыйба алмашуу ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилешти.
Жолугушууда маданий мурастарды коргоо, музей жана китепкана иши, археология, кинематография, креативдүү индустриялар, маданият тармагын санариптештирүү, жаштар саясаты жана маданий туризм багыттарындагы кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын Маданият күндөрүн өз ара өткөрүүгө кызыкдар экендиктери белгиленди.
Мындан тышкары, тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоонун, маданий көп түрдүүлүктү сактоого, цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушууда ошондой эле «Бир алкак — бир жол» демилгеси маданий алмашууларды кеңейтүүгө, элдердин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достукту, өз ара ишенимди жана стратегиялык өнөктөштүктү дагы да бекемдей турганына ишеним билдиришти.
