Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн пленэрдик эмгектеринин көргөзмөсү ачылды
Маданият министрлиги
29 апрель

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн пленэрдик эмгектеринин көргөзмөсү ачылды

Бишкек шаарынын күнүнө арналган маданий иш-чаралардын алкагында М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде КР Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына караштуу Көркөм сүрөт колледжинин окуучуларынын пленэрдик эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Экспозицияда жаш сүрөтчүлөрдүн жарыкка толгон чыгармалары сунушталып, сүйүктүү шаары — Бишкек тууралуу өзгөчө чыгармачыл көз карашын чагылдырышкан. Көргөзмөдө борбор калаа жаш сүрөтчүлөрдүн көзү менен жарык, жылуу, шыктандыруучу шаар катары ачылып берилет.

Ар бир эмгек — бул жөн гана сүрөт эмес, бул маанай, таасир жана боёктор аркылуу берилген окуя. Келген коноктор шаардагы тааныш көчөлөрдү жана бурчтарды жаңыча, чыгармачыл өңүттө көрө алышат.

Көргөзмө искусство сүйүүчүлөргө, шаар тургундарына жана конокторго жаш таланттарды колдоо менен бирге чыгармачылык дүйнөгө сүңгүп кирүүгө шарт түзөт.

Көргөзмө 29 апрелден 14-майга чейин уланат.