Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчындагы этно-шаарчаны кыдырышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар бүгүн, 3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этно-шаарчада болушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач төрага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Бишкек менен Ош шаарлары тарабынан атайын тигилген ак өргөлөрдү көрүп чыкты.
Андагы көргөзмө-жарманкелерге жогору баасын берген төрага Марлен Маматалиев кыргыз элинин үрп-адаттарын, улуттук баалуулуктарын жана нукура каада-салттарын меймандарга кеңири таанытып жаткан мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.
«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан ушундай этно-шаарчаны уюштуруу аркылуу дүйнө коомчулугуна өзүнүн уникалдуу маданиятын таанытып жатат. Көчмөн цивилизациясынын бай мурасын, элибиздин каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган бул көрүнүш колдоого татыктуу”, – деди.
Ошону менен катар мындай саамалыктар өлкөбүздүн туристтик потенциалын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган төрага уюштурулган иш-чаралар эл аралык байланышты бекемдеп, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да түрткү берерине ишенерин билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда меймандарга көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган этно-базарлар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү тартууланып, спорттук мелдештер жана театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолууда.
