Кырчында кыргыз элинин бай маданий мурасы жана көчмөндөрдүн салт-санаасы дүйнөгө таанытылды
3 сентябрь

Кырчында кыргыз элинин бай маданий мурасы жана көчмөндөрдүн салт-санаасы дүйнөгө таанытылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кооз «Кырчын» капчыгайында кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурастарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын кеңири таанытууга багытталган масштабдуу маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргызстандын жети облусунун өкүлдөрү чет элдик конокторго өз аймактарынын маданиятын, турмуш-тиричилигин жана салт-санаасын тартуулашты.

Капчыгайдын аймагында улуттук боз үйлөрдөн турган шаарчалар уюштурулуп, анда коноктор салттуу кол өнөрчүлүк менен таанышып, уз-чеберлердин эмгектерин көрүп, элдик ыр-күүлөрдү угууга мүмкүнчүлүк алышты.

Майрамдык маанайды түркүн түстөгү улуттук кийимдерди кийген катышуучулар, чебер бүркүтчүлөр, мергенчи жаачылар жана күлүк ат минген чабандестер өзгөчө шаңга бөлөдү. Улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, музыка жана ат оюндары аркылуу чет элдик коноктор кыргыз элинин маданияты жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушу менен жакындан тааныша алышты.

Чет элдик меймандар маданий программага активдүү катышып, улуттук тамак-аштардан даам татып, салттуу музыкалык аспаптар менен таанышып, аларда ойноп көрүштү.

Өзгөчө кызыгууну жана суктанууну кыргыз чабандестери катышкан театралдаштырылган ат оюндары жаратты. Ат үстүндө жүрүүнүн жогорку
чеберчилиги, эр жүрөктүк жана катышуучулардын өз ара шайкештиги кыргыз элинин ат маданиятынын бай салттарын жана кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан көчмөндөрдүн мурасын даңазалады.

«Кырчын» капчыгайы чет элдик коноктор кыргыз элинин салттуу маданиятын көрүп гана тим болбостон, анын өзгөчө атмосферасын сезе алган маанилүү маданий жайга айланды. Бул жерде тарых менен бүгүнкү күн айкалышып, Кыргызстандын бай маданий мурасын, кыргыз элинин меймандостугун жана көчмөн цивилизациясынын кайталангыс өзгөчөлүгүн дүйнөгө таанытууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программа спорт, маданият жана салт-санаа ар түрдүү өлкөлөрдүн жана элдердин өкүлдөрүн бириктирип, өз ара достук жана түшүнүшүү мамилелерин бекемдей турганын дагы бир ирет көрсөттү.