Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган айтышка катышуу үчүн он алты акын тандалып алынды
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру өткөрүлдү.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, тандоо туру Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтүп, ага өлкөнүн ар аймагынан келген төкмө акындар катышты.
Өнөрпоздордун төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, чечендиги, ыр саптарынын көркөмдүгү, комуз чертүү өнөрү жана сахна маданияты калыстар тобу тарабынан бааланды.
Тандоо туруна катышкан акындардын арасынан өзгөчө чеберчилигин көрсөтүп, жогорку баага татыган 16 акын республикалык айтышка катышууга жолдомо алды.
Республикалык айтышка жолдомо алган акындар:
1. Баян Акматов
2. Шайлообек Отунчиев
3. Нурсултан Абдикаримов
4. Болот Назаров
5. Арген Биймырза уулу
6. Мамбеттокто Мамбеторозо уулу
7. Нурайым Бактыяр кызы
8. Жамайка Токонова
9. Турат Жумаев
10. Абдылда Нуралиев
11. Ажыбек Дүйшө уулу
12. Мундузбек Борончиев
13. Сапарбек Зулпуев
14. Кадырбек Бейшенов
15. Тынчтык Эсенбай уулу
16. Темирбек Матыбаев
Алдыдагы республикалык айтышта акындар элибиздин тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын жана өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктерин даңазалап, төкмөлүк өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат.
