Баткенден чыккан «Биримдик кербени» Ош облусуна жетти
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Раззаков шаарынан чыккан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшүн бүгүн Кызыл-Кыя шаарынан салтануу тосуп алышты.
Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунан жолго чыккан 30 өкүлдү (атчан) Баткен облусунун дарбазасынан КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кадамжай районунун акими Болот Баяке уулу, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев баштаган жетекчилер,аксакал аталар,апалар тосуп алып, батасын берип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатышты.
Андан ары Улуттук жүрүшкө чыккан Баткен облусунун өкүлдөрүн Ош облусунун Ноокат районунун кире беришинен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев,Ноокат районунун акими Нурлан Керимкулов баштаган жетекчилер чоң салтанат менен тосуп алып, баатырлар боз үйдөгү улуттук дастаркондон даам татып, жол улашты.
«Биримдик кербени» – өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган ири долбоор. Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун катышуучу катышат.
Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – ар бир райондон алынган булак суусу кербен аркылуу өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өтүп, соңунда Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «40 уук – бир түндүк» маданий иш-чарасында бир казанга бириктирилет. Бул өлкөнүн биримдигин, ынтымагын жана бүтүндүгүн даңазалаган символдук жөрөлгө болуп саналат.
Кербендин багыты Баткенден башталып, Кыргызстандын бардык аймактарын аралап өтөт. 26-августта кербен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жетип, 27-августта салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөрүлөт. Ал эми 28–29-август күндөрү эл аралык маданий иш-чаралардын алкагында 40 райондун суусу өткөрүлүп берилет.
«Биримдик кербени» – бул жөн гана жүрүш эмес, өлкөнүн бардык аймактарын бир максатка бириктирген, «Суу – жашоонун башаты, биримдик – өлкөнүн күчү» деген идеяны чагылдырган жалпы улуттук демилге.
