VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтөт
2026-жылдын 10-августунда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук «Манас» театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өткөрүлөт. Каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин, ал эми тандоо айтышы саат 10:00дө башталат.
Айтыштын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, улуттук биримдигин жана мамлекеттүүлүгүн чыңдоого өбөлгө түзүү, көчмөн элдердин руханий мурасын жана төкмөлүк өнөрдү кеңири жайылтуу, кыргыз жана казак элдеринин маданий байланыштарын бекемдөө, ошондой эле төкмө акындардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо жана мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү болуп саналат.
Тандоо туруна республикалык жана эл аралык айтыштардын тандоо баскычтарынан өткөн акындар катышат. Жуптар чүчүкулак аркылуу аныкталып, алым-сабак форматында күч сынашат. Ар бир жупка 4–5 мүнөттөн убакыт берилип, калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон сегиз акын финалдык баскычка жолдомо алышат.
Катышуучулар төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, чечендиги, тапкычтыгы, комуз чертүү чеберчилиги, сахна маданияты жана улуттук баалуулуктарды даңазалоосу боюнча бааланат.
Эл аралык айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 2–4-сентябрында Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтөт. Айтыш упайлык система боюнча өткөрүлүп, жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
