"Биримдик кербени" Чоң-Алай районунан Алай районуна жол тартты
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы
30 июль

"Биримдик кербени" Чоң-Алай районунан Алай районуна жол тартты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган "Биримдик кербени" аттуу 40 күндүк улуттук жүрүш Чоң-Алай районундагы иш-чараларын жыйынтыктап, Алай районуна жол тартты. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Кербенди Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Б. Бакыбеков жетектеп, Алай районуна жөнөп кетти.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана тургундар катышып, кербенчилерге ак жол каалап узатышты.

"Биримдик кербени" өлкө аймактарын кыдырып, элдин ынтымагын бекемдөө, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана көчмөндөрдүн бай маданий мурасын жайылтуу максатын көздөйт.