Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды 
Маданият министрлиги
11 ноябрь

Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 11-ноябрда жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.

Жаштар борбору Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу катышты.

Жаңы борбордо жаштардын билим алуусуна, чыгармачылык менен алектенүүсүнө жана өз демилгелерин ишке ашыруусуна бардык шарттар түзүлгөн. Анда шахмат, англис тили жана маалыматтык технологиялар (IT) боюнча ийримдер уюштурулуп, жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары, борбор активдүү жаштардын демилгелерин колдоо, алардын долбоорлорун ишке ашыруу жана жаштардын башын бириктирүүчү аянтча катары кызмат кылат.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында ачылган бул борбор жыл башынан бери өлкөдө пайдаланууга берилген сегизинчи жаштар борбору болуп саналат.