Бишкекте Татарстандын кино күндөрү өтөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун уюштуруусу менен 2025-жылдын 8-10-август күндөрү Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоого багытталган маанилүү маданий долбоор болуп саналат. Кино күндөрүнүн алкагында Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна заманбап татар тасмалары сунушталып, көрүүчүлөр Татарстан элинин турмушу, каада-салты, ички дүйнөсү жана чыгармачылык потенциалы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 8-августта саат 18:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Ачылыш аземине расмий өкүлдөрдүн, маданият ишмерлеринин, журналисттердин жана кино сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Кино күндөрүнүн программасы:
- 8-август – “Немая кукушка”, режиссёру: Рауф Кубаев
Бул тасма — өзгөчө стили жана терең символизмге бай сюжети менен айырмаланат. Адамдын ички дүйнөсүн, тагдыр чечээр учурлардагы тандоосун чагылдырган психологиялык драма. - 9-август – “Гора влюблённых”, режиссёру: Салават Юзеев
Романтикалык сюжетке негизделген, табият менен адамдын ортосундагы байланыш, сүйүү менен үмүт тууралуу лирикалык тасма. Фильм көрүүчүнүн жүрөгүнө жол таба турган терең философиялык мазмунга ээ. - 10-август – “Я приду”, режиссёру: Булат Сабитов
Бул тасма – үй-бүлөлүк баалуулуктар, кечиримдүүлүк жана өз жолуңду табуу жөнүндө. Адам тагдырын өзгөртө турган учурлар тууралуу ойлондурат.
Бардык кинопоказдар Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Тасмалардын башталышы – саат 18:00дө.
Кино көрсөтүүлөрдүн бардыгына кирүү акысыз. Бул – бардык каалоочулар үчүн ачык жана жеткиликтүү маданий диалог аянтчасы.
